Көрүлдү: 460
2025-жылдын 9-апрелинде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас районундагы А. Бөрүбаев атындагы Көк-Арык мектебине жана А. Оторбаев атындагы мектепке пландан тышкары барды.
Министр аталган мектептердин окуу кабинеттерин, STEM кабинеттерин көрүп, 11-класстын окуучулары менен Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар жөнүндө баарлашып, министрлик тарабынан даярдалган “Санарип кампа”, Testing.kg – онлайн тесттер жөнүндө айтып берди.
“Жаңы кадамдар менен өнүгүшүбүз керек. Окуучуларга берген билимибизди, эртең алар турмушта колдоно билиши керек”, - деди министр.