Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
ТОКТОГУЛДАГЫ МЕКТЕПТИН КҮНӨСКАНАСЫ ОКУУЧУЛАРДЫ ТАЗА БАДЫРАҢ, КУЛПУНАЙ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙТ

Көрүлдү: 464

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 8-11-апрелинде Токтогул районуна жана Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районундагы №29 М. Нургазиев атындагы орто мектебине барды.

post.title

Министр мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин айтты. 

Мектептин чарба башчысы Үсөнкан Раманов билдиргендей, күнөскана 2021-жылдан бери иштеп келет. Анда помидор, бадыраң жана кулпунай өстүрүлүп, түшүмү окуучуларга берилет. Ошондой эле, окуучуларга биология сабагында экскурсия уюштурулуп турат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар