Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН «12 ЖЫЛДЫККА – БИРГЕ КАДАМ» АКЦИЯСЫН БАШТАЙТ

Көрүлдү: 1722

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 1-апрелинен тарта жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «12 жылдыкка – бирге кадам» аттуу акциясын баштайт.

post.title

Акциянын негизги максаты – коомчулукка 12 жылдык билим берүүгө өтүү жараяны тууралуу маалымат жайылтууга студенттерди креативдүү контент түзүү аркылуу тартуу.

Акцияга төмөнкү жогорку окуу жайларынын «Журналистика жана PR», «Дизайн», «Реклама жана коммуникациялар», «Педагогика» факультетинин студенттери катыша алат:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  • Кыргыз-Түрк “Манас” университети
  • Ош мамлекеттик университети
  • Баткен мамлекеттик университети
  • Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
  • С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  • Талас мамлекеттик университети

Акцияга катышуу үчүн студенттер ар кандай форматта контент түзүп, Instagram социалдык тармагында жарыялашы керек. Мисалы:

  • Посттор;
  • Рилстер (видеороликтер);
  • Баннерлер;
  • Викториналар;
  • Флешмобдор;
  • Коомдук акциялар жана маалымат таратуунун башка түрлөрү.

Эгер башка жогорку окуу жайларынын студенттери акцияга катышууну кааласа, алар өз окуу жайынан жооптуу адамды белгилеп, Билим берүү жана илим министрлигине катышуу ниетин билдириши керек.

Акция 2025-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин өтөт. Эң көп лайк, комментарий, бөлүшүүгө ээ болгон материалдардын авторлору баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Акцияга катышуу үчүн студенттер өз контентин окуу жайдын Instagram аккаунтунда жарыялап, Билим берүү жана илим министрлигинин Instagram’дагы @bilimilimkg баракчасын белгилеп, Алтын-Казык логотибин, «12 жылдыкка – бирге кадам» акциясынын аталышын, #БиргеКадам жана #АлтынКазык хештегдерин кошушу керек.

Бул жалпы жаңы билим берүү процесси тууралуу маалыматты жаштарга жана коомчулукка жеткирүүгө жана уюштуруучуларга акцияга катышып жаткан эмгектерди көрүүгө жардам берет.

Акцияга катышуу боюнча бардык суроолор менен А.Султановага кайрылууга болот:
Телефон: +996 500 077 867
Электрондук почта: altynkazykbilim12@gmail.com

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар