Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 360

2025-жылдын 3-апрелинде “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Бишкек шаарынын кесиптик лицейлеринин окуучуларынын арасында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган чыгармачылык конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана жыйынтыктоочу концерттик программа өттү.

post.title

“Эсимде. Мен сыймыктанам” аттуу конкурс Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Маданият, спорт жана дене тарбия боюнча методикалык борбор тарабынан “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борбору менен биргеликте уюштурулган.

Сыйлык тапшыруу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов катышып, жаш таланттарга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар