Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ВЕНГРИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАНА МАТЕ УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 461

2025-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Венгриянын Кыргызстандагы атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шандор Дороги жана МАТЕ университетинин ректору Чаба Гюрица менен жолугушту.

post.title

 

Анда Баткен облусунда кургакчылыкка туруктуу өсүмдүктөрдү өндүрүү, биргелешип изилдөө жана ишке киргизүү, МАТЕ университетинин илимий колдоосу менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин IN VITRO лабораториясы аркылуу Кыргызстанда жана Борбордук Азияда малина жана кара жидек (аргония) сортторун өстүрүү жана көбөйтүү, Венгр жашылча өсүмдүктөрүн тестирлөө, Кыргызстандын аймактары үчүн венгр жашылча өсүмдүктөрүнүн сортторун жайылтуу келечегин баалоо, Мюррей Грей пародасындагы бодо малды көбөйтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары  Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттерине Венгриядагы МАТЕ университетинде окууга мүмкүнчүлүк түзгөн Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы да талкууланды.

Өз сөзүндө министр Д. Кендирбаева Билим берүү министрлиги кызматташууга ар дайым ачык экенин белгилеп, Венгрия тарапка жашыл-көчөт материалдары менен камсыз кылуу үчүн биргелешкен технопарк түзүүнү, ошондой эле агрардык факультеттери бар башка университеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.

"Дал ушул агрардык тармак азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, альтернативдүү чечимдерди сунуштап, адамзаттын жашоо сапатына таасир этүүчү ыкмаларды иштеп чыгышы керек. Ошондуктан Stipendium Hungaricum  программасынын алкагында стипендиялардын санын көбөйтүүнү сунуштайм", - деп белгиледи министр.

Өз кезегинде элчи Шандор Дороги акыркы жылдары эки өлкөнүн агрардык жогорку окуу жайларынын ортосунда натыйжалуу кызматташтык түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, МАТЕ университетинин делегациясы Кыргызстанда 2-апрелден 5-апрелге чейин болушат. Бул иш сапар эки университеттин академиялык жана илимий кызматташтыгын кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба жана агрардык илимдер жаатындагы венгер-кыргыз мамилелерин чыңдоого багытталат.

Визиттин алкагында агрардык илимде жана билим берүүдө Кыргыз-Венгр инновациялык борборунун расмий ачылышы болду. Борбор үрөнчүлүк, айыл чарба жана агробиотехнология сыяктуу тармактарда биргелешкен изилдөөлөрдү жана практикалык чечимдерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар