Көрүлдү: 758
2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына Словакия Республикасынын жогорку окуу жайларында гранттык негизде окууга стипендиялык программаларга арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Словакия Республикасынын Элчилиги билдирди.
Арыздар 2025-жылдын 24-мартынан тартып электрондук форматта кабыл алынууда. Арызды электрондук каттоо жана толук документтер топтому менен жөнөтүү үчүн акыркы күн – 2025-жылдын 25-майы.
Каттоо жана документтерди электрондук түрдө берүү жөнүндө маалымат тиркемеде 6 баракта англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган.