Көрүлдү: 492
И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Педиатрия жана гигиена кафедраларынын, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Тармактык тамактануу институтунун, «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун өкүлдөрүнүн жана башка саламаттыкты сактоо жана тамактануу тармагындагы адистердин жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарада мектеп жана мектепке чейинки тамактануунун сапатын жогорулатуу, балдар арасында гигиенанын деңгээлин жакшыртуу жана бул чөйрөдө изилдөөлөрдү жүргүзүү талкууланды.
Мектептик тамак-аш китебин жаңыртуу, бала бакчалар үчүн жаңы тамак-аш китебин иштеп чыгуу негизги багыттардын бири болду. Педиатрия бөлүмүнүн адистери тамак-ашка болгон заманбап ыкмаларды терең изилдөө үчүн методикалык сунуштарды даярдап, китепканалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылышат.
Ошондой эле тамактануу, гигиена жана санитария маселелери боюнча билим берүүчү материалдарды түзүү зарылдыгы талкууланды. Бул материалдар окуучулардын жана тарбиячылардын сергек жашоо образы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет. Балдар арасындагы гигиена маселелерине өзгөчө көңүл бурулат, бул оорулардын алдын алууда маанилүү кадам болуп саналат.
Кийинки эки жыл ичинде 40 мектепте тамактануу, гигиена жана санитария абалын изилдөө дгы бир маанилүү багыттардын бири. Алынган маалыматтардын негизинде балдардын ден соолугун жакшыртуу жана билим берүү мекемелеринде жагымдуу шарттарды түзүү үчүн натыйжалуу стратегиялар иштелип чыгат.
Жолугушуунун катышуучулары медициналык эксперттердин, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтык өсүп келе жаткан муундун сергек келечегин калыптандырууда негизги ролду ойной тургандыгын белгилешти.