Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БИЛДИРЕТ

Көрүлдү: 341

Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Г. Камалдинова Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылындагы жеке менчик объектти ижарага алып, “Грация 2” бий ийримин уюштурган. Ийримге Кызыл-Токой айылында жайгашкан Б. Камчыбеков атындагы орто мектептен 35 окуучу кыз катышып келген.

post.title

Ийримдин жетекчиси 2025-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында боло турган бий конкурсуна катыштыруу максатында “Грация 2” бий ийримине катышкан кыздардын арасынан 17 кызды (анын ичинен 14 кыз – Б. Камчыбеков атындагы орто мектептин окуучулары) тандап алып, алардын ата-энелери менен алдын ала макулдашкан. Г. Камалдинова ата-энелерге 29-30-март дем алыш күндөрү болгондуктан, окуучулар сабактан калбай, ошол эле түнү кайтып келишерин айткан. Бирок ал 14 окуучуну Бишкекте боло турган бий конкурсуна катыштыруу үчүн алып бара жатканын Б. Камчыбеков атындагы орто мектептин администрациясына да, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө да, башка тиешелүү мамлекеттик органдарга да билдирген эмес.  

Ошентип, ийримдин жетекчиси өзүнүн жеке демилгеси жана ата-энелердин макулдугу менен 2025-жылдын 29-мартында саат 07:00 чамасында Чаткалдан Бишкекке карай сапар тарткан. Алар жалдаган “Мерседес-Бенц” маркасындагы спринтерде айдоочудан тышкары ийримдин жетекчиси, бир ата-эне жана 17 окуучу кыз болгон. Тилекке каршы, кечки саат 16.30дар чамасында автоунаа жол кырсыгына кабылган: Төө-Ашуудан ылдый түшүп келе жатканда жолдун оң капталындагы тоодон кулаган таш автоунаанын арткы бурчуна тийип, анын кесепетинен 4-класстын окуучусу каза болгон.

Белгилей кетсек, окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 520 токтому менен бекитилген “Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибине жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарга” ылайык уюштурулуп, өткөрүлүүгө тийиш. Эгерде иш-чара өтүүчү жер башка жерде жайгашса жана окуучулар автомобиль транспорту менен жеткирилсе, жол жүрүү учурундагы жеткирүү жоопкерчилиги уюштуруучуларга жүктөлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар