Көрүлдү: 374
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 28-мартта, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан Сатыбалды Давлетов атындагы № 14 орто мектептин курулуш иштери менен таанышты.
Мектептин директору Дамира Касымбекованын айтымында, жалпы аянты 15 696 чарчы метрди түзгөн 700 орундуу, 3 кабаттуу кошумча окуу имаратынын, спорт залдын жана чакан аянтчанын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жаңы окуу имаратында ашкана, жыйын залы, окуу залы, электрондук китепкана, шахмат классы, комуз классы жана класскааналар орун алат. Мектеп заманбап стилде бардык талаптарга ылайык курулууда.