Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ӨЗГӨНДӨГҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ИШМЕРДИГИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Көрүлдү: 441

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында 27-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы «Ханбаян-Нур» жана «Уулбү Асранова» мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барды.

post.title

Мырзаке айылындагы «Ханбаян-Нур» бала бакчасынын имараты айылдык кеңештин төрайымы Гүлкан Жороеванын демөөрчүлүгү менен 2023-жылы курулган. Азыр анда 140 бала тарбияланууда.

«Үй-бүлөлүк каражатыбыздан 15 млн сом сарптап, 120 орундуу кылып бардык шарттары менен куруп бердик», – деди Г. Жороева.

Министр бала бакчанын тарбиялануучулары менен баарлашып, тарбиячылар менен жакындан таанышып, мекемеге дайыма колдоо көрсөтүп келген демөөрчү Гүлкан Жороеванын эмгегин жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

«Министрдин жөнөкөйлүгү, жылуулугу жана балдарга болгон мээрими ар бирибизге терең таасир берди. Бул сапар биздин тарбиячыларга дем-күч берип, ишенимин бекемдеди», – деди аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Анара Аширбекова.

Андан соң Д. Кендирбаева Шоро-Башат айылындагы «Асранова Уулбү» бала бакчасына барып, балдарга оюн түрүндө тарбия сабагын өтүп, тарбиячылар менен маектешип, аларга баланы тарбиялоо боюнча сунуштарын берди.

Министр бала бакчанын жетекчилиги тарабынан айтылган көйгөйлөр мыйзам чегинде чечилерин айтты.

Аталган бала бакчанын жетекчиси Алибек кызы Наргизанын айтымында, бул бала бакча айылдын тургуну Камчыбек Тагаевдин колдоосу менен айыл өкмөтүнүн эски имаратын бала бакчага айландыруу жолу менен уюштурулган. Бала бакча 2024-жылдын декабрында ачылган. Азыр анда 81 бала тарбияланууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар