Көрүлдү: 422
Борбордук Азия университетинин (БАУ) Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (ПҮБМ) баарлашма англис тили программасынын 76 катышуучусунун урматына салтанаттуу бүтүрүү аземин өткөрдү. Иш-чара 2025-жылдын 27-мартында Бишкек шаарында болуп өттү.
Кыргызстандагы мамлекеттик кызматчылардын жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга багытталган “Туруктуу өнүгүү үчүн Борбордук Азияда билим берүү натыйжаларына жетишүүнү тездетүү” (Accelerating Education Attainment in Central Asia for Resilience) долбоорунун алкагында ПҮБМ 76 адисти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эксперттерин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерин, ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучуларын окутту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басары Искендер Сулайманов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов, БАУнун ректору доктор Кристофер Герри жана Кыргызстандагы ШПНБ жетекчиси Нурбек Нишарапов катышты.
Программа мамлекеттик сектордун адистеринин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган, бул эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстандын глобалдык демилгелерге натыйжалуу катышуусуна өбөлгө түзөт.