Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ӨЗГӨНДӨГҮ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТКА БАРДЫ

Көрүлдү: 446

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 27-мартта, Ош облусунун Өзгөн районундагы М. Разаков атындагы мектеп-интернатка барды.

post.title

Министр жетим жана кароосуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттын окуу корпустарын, класскааналарын, жатаканаларын көрүп, эмгек жамааты менен жолугушту.

Д. Кендирбаева мектеп-интернаттагы көйгөйлөрдү угуп, аларды мыйзам чегинде чечип берүүнү убада кылды. Ошондой эле ал интернаттын жетекчилигинин ишин сынга алып, кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырды.

Андан соң министр окуучулар менен баарлашып, чыгармачыл топтун чакан концертине күбө болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар