Көрүлдү: 202
2025-жылдын 26-мартында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча атайын тапшырмаларды берди.
Министрдин орун басары жогоруда аталган жарлыкка ылайык билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде тиешелүү иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Ошондой эле ал билим берүү жана илим жаатында зарыл ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда уңгужолдун багыттарын эске алуу керектигин баса белгиледи.
Уңгужол – Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу, коопсуз, бейпил, бактылуу, бардар турмуш тартуулай ала турган, күчтүү Кыргызстанды калыптандырууну жана өнүктүрүүнү көздөп, башбагыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутуму. Анын негизги максаты – мамлекеттик, коомдук, саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салып, нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу, кубаттуу мамлекет куруу.