Көрүлдү: 505
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында 26-мартта Алай районунун Гүлчө айылындагы № 2 Тапык Отунчиев атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушту.
Министр мугалимдерге “Алтын Казык” программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына карата иш-аракеттер планы тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.
Мектеп директору Маратбек Нышанов министр “Алтын Казык” программасынын маанисин ар бир мугалимге эң жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жеткиргенин айтты.