Көрүлдү: 486
Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин пресс-борборунда республиканын Билим берүү жана илим министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда балдарды биринчи жана экинчи класстарга кабыл алуу маселелери боюнча маалымат жыйыны болду.
“Буга чейин мектепке каттоо Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жүргүзүлүп келген. Эми бул “Түндүк” уюлдук тиркемеси аркылуу жүзөгө ашырылат. Биз талдай баштаганда Билим берүү жана илим министрлиги бизге бардык балдарды катталган жери боюнча алдын ала каттап коюуну сунуштаган. Бардык балдар катталган жери боюнча катталды. Азыр “Түндүк” уюлдук тиркемесинде ата-энелер бул каттоону ырасташы же андан баш тартышы керек. Эгер ата-эне ырастаса, анда каттоо аяктайт. Эгер баш тартса, анда экинчи этапта, 2025-жылдын 2-июнунан кийин, кайрадан каттоо зарыл болот”, – деди санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова, 2025-2026-окуу жылына карата балдарды 1-2-класстарга каттоо маселелерине арналган биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөп жатып.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева белгилегендей, мурда бул кызмат Билим берүү жана илим министрлигинин веб-сайты аркылуу көрсөтүлүп, ата-энелер бештен жетиге чейинки ар кандай маалымкаттарды берүүгө тийиш болчу. Эми болсо ата-энелерге антүүнүн кереги жок. Болгону алар тиркеменин алкагында өзүнүн баласына табыштаманы ырастап коюшу керек. Бул ырастоону 2018-2019-жылдары төрөлгөн бардык балдар үчүн 2025-жылдын 1-июнуна чейин кылуу зарыл.
“Быйыл, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатканыбызга байланыштуу, мектепке каттоо дароо биринчи жана экинчи класстарга жүрөт. Башкача айтканда, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска катталат, ал эми 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска катталат. 2019-жылы төрөлгөн, “Наристе” программасын өткөн балдар бар. Мындай балдардын ата-энелери аларды 2-класска каттоого укуктуу. Ошондуктан тиркемеде 1-класс менен 2-класстын ортосунда тандоо опциясы бар”, – деп билдирди Лира Самыкбаева.
Ал окутуу тилин тандоонун маанилүүлүгүн да белгилеп, ата-энелерди бул маселеде кылдат болууга чакырды: “Бул абдан маанилүү, анткени эгерде ата-эне, маселен, кыргыз классты тандап, баланы кыргыз класска каттап койсо, анда анын баласы автоматтык түрдө окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класста болуп калат”.