Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АЛАЙДАГЫ № 4 МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТЫН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Көрүлдү: 292

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында 26-мартта Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан № 4 Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп-интернатка барып, анын абалы менен таанышып, жалпы жамааты менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы катышты.

post.title

Д. Кендирбаева мектеп-интернаттын имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө сунушталганын белгиледи. Ошондой эле ал көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге ыраазычылык кат тапшырды.

Мектеп-интернаттын директору Маматжан уулу Саматтын айтымында, азыркы учурда интернатта жалпы 383 окуучу билим алууда, анын 200ү жатаканада жатып окуйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар