Көрүлдү: 310
2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын жаңы имаратына баш бакты.
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты мурда акимчиликке караган жерде жеке тараптын ашканасы болгон, кийин мамлекетке өткөрүлүп берилген.
“1990-жылдан бери жаңы имаратка жетпей жүргөнбүз, эч кандай шарттары жок имаратта отуруп келгенбиз. Эми жаңы имаратка билим берүү бөлүмүнүн, усулкананын жана эсепкананын кызматкерлери (жалпы 40 адам) жайгашат. Имарат азыр реконструкцияга берилди. Жаңы имаратка жаңы окуу жылынын башында көчүп киребиз деген ойдобуз”, – дейт Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Сүйүнбай Исаков.