Көрүлдү: 289
2025-жылдын 12-марты, Лондон – Дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин предметтик рейтингинин жаңы басылышы – QS World University Rankings by Subject 2025 жарыяланды.
Бул жылы рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнүн 18 университетиндеги 76 билим берүү программасы көрсөтүлүп, Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу баса белгиленди.
QS World University Rankings by Subject – бул 101 өлкөдөгү 1756 университет сунуштаган 21 000ден ашуун билим берүү программасын камтыган көзкарандысыз анализ. Бул рейтинг 55 предметтик тармакты жана 5 ири категорияны камтып, жогорку билимдин сапатын чагылдырган эң ишенимдүү булактардын бири болуп эсептелет.
Кыргызстан 2025-жылы рейтингдеги катышуусун кеңейтип, үч позицияга жана эки университетке чейин көбөйттү:
Кыргыз-Түрк "Манас" университети Искусство жана гуманитардык илимдер категориясында 391-орунду ээлеп, рейтингге алгачкы жолу кирди.
Ошондой эле, Заманбап тилдер багытында (301-350 орундар аралыгы) кайрадан тизмеге кайтып келсе, Ош мамлекеттик университети дагы Заманбап тилдер категориясында дебют жасады.
Бул жетишкендиктер Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн сапатынын өсүп жатканын жана эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүү экенин далилдейт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жогорку билим берүүнү өнүктүрүүгө, илимий потенциалды чыңдоого жана кыргызстандык университеттердин глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантат.