Көрүлдү: 1187
Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мектептердеги ремонт иштерине тартылбай турганын билдирди. Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мугалимдердин негизги милдети — сабак берүү жана билим берүү процессин уюштуруу экенин баса белгиледи.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп, туздөөгө 401 млн сом бөлүнгөн. Буга чейин материалдарды жана товарларды гана сатып алуу каралса, мындан ары утурумдук оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүү кызматтарына дагы каржылоо каралат. Бардык билим берүү башкармалыктарына кат жөнөтүлгөнүн,тапшырма берилген.
Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартуу мыйзамсыз экенин белгиледи.