Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАН МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨДӨ

Көрүлдү: 390

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 10-марттан 14-мартка чейин Кыргызстандын мектептеринде мектептеги тамактануунун Эл аралык күнүнө арналган жумалыкты өткөрүүдө.

post.title

Жумалыктын алкагында башталгыч класстын окуучулары туура тамактануу боюнча маанилүү маалыматтарды алышат. Алар энергия берүүчү азыктар, эртең мененки тамактануунун маанилүүлүгү жана активдүү жашоо мүнөзүн кантип кызыктуу кылуу тууралуу билишет. Бардык иш-чаралар оюн жана интерактивдүү форматта өтүп, билимди жеңил жана ырахат менен өздөштүрүүгө багытталган.

Балдар күндүн көпчүлүк бөлүгүн мектепте өткөргөндүктөн, туура тамактануу алардын жашоосуна, окуудагы ийгиликтерине жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан мектептеги эртең мененки жана түшкү тамактар абдан маанилүү. Бул жөн гана тамактануу эмес, балдардын өсүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Туура тамактануу балдарга сергек болууга, окууга көңүл топтоого жана оюндарга активдүү катышууга жардам берет.

Жумалыктын алкагында мектеп окуучуларын күн сайын кызыктуу иш-чаралар күтүүдө. 

10-мартта алар туура тамактануунун негиздери менен таанышып, балдар дени сак тамактануу жумалыгынын каармандары – Мистер Вредс жана Доктор Энерджи аркылуу пайдалуу жана зыяндуу азыктарды оюн түрүндө үйрөнүштү.

11-мартта окуучулар "Жоголгон ингредиенттерди издөө" квесттик тапшырмасына катышып, тең салмактуу тамактануунун маанилүүлүгү жөнүндө билим алышты жана пайдалуу тамактардын рецепттерин чогултушту.

12-март активдүү жашоо образына арналды. Балдар таза абада кыймылдуу оюндарга, командалык мелдештерге катышып, спорттук көнүгүүлөрдү аткарышты.

13-мартта окуучулар туура тамактануу жана сергек жашоо мүнөзү боюнча билимдерин кызыктуу викторинада сынап көрүштү. Жеңүүчү командалар байгеге ээ болуп, иш-чара интерактивдүү шоу жана концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, бул кампаниянын алкагында мектептерде ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, анда мектептеги тамактануунун Эл аралык күнүнө арналган жумалыктын иш-чаралары жана ата-энелердин балдарын колдоо жолдору тууралуу маалымат берилди.

Бул кампанияга бүткүл өлкө боюнча мектептер катышууда, алардын катарында:

Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы №5 орто мектеби,

Ош шаарындагы Б. Алыкулов атындагы №38 орто мектеби,

Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектеби,

Жалал-Абад шаарындагы №4 орто мектеби,

Балыкчы шаарындагы Ч. Айтматов атындагы №5 орто мектеби,

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылынын профессор А. Идинов атындагы орто мектеби,

Баткен облусунун Кадамжай районундагы А. Масалиев атындагы орто мектеби,

Талас облусунун Талас районундагы Кара-Ой айылынын А. Бөрүбаев атындагы орто мектеби.

Бул иш-чаралар мектеп окуучуларынын туура тамактануу жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар