Көрүлдү: 383
2025-жылдын 13-мартында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Литва Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эгидиюс Навикас менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде Европа Биримдигинин программаларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү, Twinning долбоорун ишке ашырууну жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда билим берүү процессин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында Литва Республикасынан мугалимдерди Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерине жиберүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.