Көрүлдү: 572
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызматына 6 айлык сыноо мөөнөтү менен Дылдаев Мирлан Муктарович дайындалганын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызматына Дылдаев Мирлан Муктарович 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.