Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
"АЛТЫН КАЗЫК” - БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУГА БАГЫТТАЛГАН МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА

Көрүлдү: 412

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте 2025-жылдын  11-мартында өткөн маалымат жыйында “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.

post.title

Министр белгилегендей, “Алтын казык” программасы баланын жаш курагын жогорулатууну, инфраструктуралык өзгөртүүнү гана көздөбөйт. Ал толугу менен билим берүүнүн мазмунун, методикасын өзгөртүүгө багытталган. Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн биринчи себеби Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү болуп саналат. Сапатсыз билим окуучулардын жеке кудуретине гана доо кетирбестен, өлкөнүн туруктуу өнүгүү максатына жетүүсүнө дагы тоскоол болот. 

«Акыркы эки эл аралык PISA иликтөөсүндө 2005-жылы жана 2009-жылы катышканда 15 жаштагы балдарыбыз дүйнөлүк же экономикалык кызматташ өлкөлөрдүн эмгек рыногуна жарайбы десек, жок таптакыр жарабайт, түшүнүү көндүмдөрү жок деп акыркы орунду алганбыз.  Башкача айтканда, 15 жаштагы балдарыбыздын окуп жана түшүнүү көндүмдөрү жок жана замандын талаптарына, эмгек рыногуна такыр ылайыкташа албайт дегенди түшүндүрөт», - деди министр. 

Окуучулардын билим берүү жетишкендиктерин улуттук баалоо изилдөөсүндө, 4-класстын окуучуларынын 62% математикалык сабаттуулугу жок, ал эми 48%дан ашыгы окуганын окуп же түшүнө албайт деген жыйынтык чыккан. Ошондон тартып 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө аракеттер көрүлүп башталган, бирок кандайдыр бир себептерден улам жыла берген. Чечкиндүү кадамды Президент Садыр Жапаров жасап, ар бир кыргызстандык кор болбой, сапаттуу билим аркылуу гана сапаттуу жашоого жетиши керек деген талапты койгон. 

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча укуктук-нормативдик документтерди иштеп баштап, алгач “Алтын Казык” билим берүүнү трансфармациялоо боюнча концепциясы кабыл алынган. “Алтын казык” программасы балага багытталган өнүктүрүүчүлүк методикаларды же болбосо жаттама билимден пайдалануу билимине өтүүнү көздөйт. Эрте кесиптик билим берүүгө багыттайт. Жаңы муундагы билим берүү стандарты иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Учурда предметтик стандарттар иштелүүдө.  

“Кыргызстандык эмгекке жарамдуу жаштарыбыз чет өлкөгө барганда эң төмөнкү кара жумушту аткарып, эң төмөнкү айлык акыларды алып жатышат. Биз бул жерде чектелген гана адамдардын балдары чет өлкөгө билим алууга кетсин дегенге кызыкдар эмеспиз. Алар биз жок эле Кыргызстандагы 14 жеке менчик окуу жайларында 12 жылдык окуу программасы менен акы төлөп окуп, дүйнөлүк деңгээлде иштерин жүргүзүп жатышат. Президенттин айрым балдар гана эмес, ар бир балага сапаттуу билим алуу чөйрөсүн түзүү  демилгесин ишке ашырып жатабыз”, - деди Д. Кендирбаева.   

Жыйында берилген маалыматтар боюнча учурда 0-классты 98% кыргызстандык балдар окуп жатышат,  “Наристе” 480 сааттык программасы ишке ашырылууда. Ага мамлекет тарабынан 800 миллион сом  жумшалат. Ал эми 44,3 % бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартылган.  

“Ар бир 6 жаштагы баланы бирдиктүү билим берүү системасына тартуу аркылуу 0-класс  жоюулуп,  ага 1-класс деген статус берилет. Айта кетчү нерсе мазмундук өзгөрүү көп деле байкалбайт.  Биз үч өзөктүү маселени чечүүнүн үстүндө иштедик. Кабыл алынган программанын 50% ишке ашты. Алгач укуктук-нормативдик база түзүлдү. Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алуу алдында турат. 17 000 мугалим математиканы окутуунун жаңы ыкмалары боюнча окутуудан өтүштү”, - дейт министр.
 
Министр көпчүлүктү кооптондурган мектеп орундарынын жетишсиздигине да токтолду. Анын айтымында бүгүнкү күндө 1,5 миллион бала билим берүү  системасына камтылган жана алардын ичинде 0-класс дагы бар. 

“Бир адилетсиздик бар. Бала бакчага барган балдар тамга, санды тааныса 0-класска келгенде дагы кайталанма болуп калат. Кайталанма балдарды тажатып жибергенин көрүп атабыз. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүү стандарты да даярдалды”, - деди Д. Кендирбаева.

Ал эми мугалимдер боюнча алар учурда график менен окутуудан өтүп жатышат жана эл аралык билим берүү стандарттары биздин Кыргызстандын жаңы стандарттар менен 70-75% дал келет.  

Министр көпчүлүктү кооптондурган мектеп орундарынын жетишсиздигине токтолду. Бүгүнкү күндө 1,5 миллион бала билим берүү системасына камтылган жана алардын ичинде 0-класс дагы бар. Бишкек шаарында маселе оор. 

“Сиздерге бала бакчанын жогорку тайпасында 1-классты окутат деген сөз башкача угулушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 200дөн ашык китепкананын базасында мектепке даярдоо боюнча балдарды өнүктүрүү борборлору ийгиликтүү иштеп жатат. Бул ЮНИСЕФ менен министрликтин үч жылдан берки программасы. Ошол эле учурда дүйнөнү карасак, предметтерди парктарда, үйлөрдө окутушат. Бала каалаган жерде билим берүү чөйрөсүн түзө алат. Мектеп, билим берүү системасы оңолмоюнча, жогорку кесиптик билим берүү, илим чөйрөсү, Кыргыз Республикасынын экономикасы да оңолбойт”, - деди министр. 

Министрдин айтымында, мындан ондогон жылдар мурун жаратылыш ресурстары бар өлкөлөр дүйнөдө эң бай өлкөлөргө айланат деген түшүнүк бар болчу. Бирок акыркы мезгилде таптакыр башка түшүнүктөр келип чыкты. Технологиялык өлкөлөр алдыга чыкты: Япония, Сингапур, Малайзия, Корея. Алар бүтүндөй дүйнөнү жаңы технологиялар менен багынтып алды. 

“Бул өлкөлөрдө табигый ресуртар жок. Эмне үчүн бардыгыбыз технологияларга багындык? Башкача айтканда, акыл ресурстары башкарган доорго келдик. Бүгүн биз кайсы багыттагы адистерди даярдайбыз, күн энергиясын кантип пайдаланабыз, суу жок мезгилде сууга чыдамдуу кандай өсүмдүктөрдү өстүрүүбүз керек, кандай коопсуз имараттарды куруш керек жана адамдын өмүрүн узартуудан жаңы илимий ачылыштарды кантип жасаш керек деген маселе күн тартибинде турат. Ошондуктан биздин билим берүү стандартыбыздын өзөктүү багыты бул – жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу, адам менен сүйлөшө билүү, командада иштей билүү, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билүү, өз позициясын далилдей билүү, билем жана түшүнөм деген келечекти түзүү”, - деди Д. Шаршеевна.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар