Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДООНУН ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖАҢЫ ФОРМАТЫ ЖӨНҮНДӨ

Көрүлдү: 1437

Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы моделин ишке ашыруунун негизги жолдорунун бири педагогикалык багыттагы орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайларында мугалимдерди даярдоо процессин системдүү жана комплекстүү өзгөртүү болуп саналат. Бул өлкөдө жүрүп жаткан билим берүүдөгү трансформациянын негизги максаты болгон сапатты көтөрүү маселесин ийгиликтүү чечүүгө тийиш.

post.title

Айнара Исраилова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси: «Учурда мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын кайра карап чыгуу курч турган маселе. Педагогикалык билим берүү заманбап талаптарга жооп бериши жана өз функциясын натыйжалуу аткарышы керек. Бул деген биз окутуудан баштап эмгек рыногуна чейинки бардык этапта педагогикалык кадрларды жогорку сапатта даярдашыбыз керектигин билдирет”.

Бүгүнкү күндө мугалимдерди даярдоо 12 мамлекеттик жана 11 жеке менчик жогорку окуу жайында жүргүзүлөт. Педагогикалык адистиктерде жалпы алганда 49827 студент билим алууда. Анын ичинде, 2025-жылы гранттык негизде 2109, контракттык негизде 10222 бүтүрүүчү болору күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №366 токтомунун негизинде 2000ден ашуун гранттык орун бөлүнгөн.

КР Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүдөгү трансформациянын катышуучуларынын тыгыз иш-аракетин көздөгөн пландуу иштердин Жол картасын иштеп чыкты. Анда төмөнкүдөй негизги иш чаралар каралган:

  • Кесиптердин тармактык алкагын кайра карап чыгуу:

Гүлзада Дүйшөбаева, КУУнун Аккредитация, лицензиялоо жана билим сапатын көзөмөлдөө департаментинин башчысы: «Биз инновациялык креативдүү экономика өнүгүп жаткан ыкчам өзгөрүүлөрдүн доорунда жашап жатабыз. Инновациялык экономикага өтүү адистер менен педагогдордон жаңы көндүмдөрдү талап кылууда.  Билим берүүнүн парадигмасы  билип алуудан өнүктүрүүчүлүк түргө өзгөрдү. Биз жөн гана билим бербейбиз, анткени инсандын өзүнүн бүт жашоосунда жеке өнүгүүсү маанилүү маселе болууда. Педагог өзү коммуникация, креативдүүлүк, командалык иш, сынчыл ойлом, санарип көндүм сыяктуу заманбап компетенцияларга ээ болушу керек. Кыргызстанда улуттук билим берүү моделин өнүктүрүү үчүн педагогдорго болгон талаптарды аныктаган негизги документтерди - квалификациялардын тармактык алкагын жана билим берүүдөгү кесиптик стандарттарды жаңылоо зарыл. Жаңы чыгып жаткан кесиптерди жана заманбап көндүмдөрдү эске алып, квалификациялар системасын кайра карап чыгуу керек,  ошондой эле мугалимдер менен окутуучулардын стандарттарын санарип доорго жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бергидей кылып жаңылоо абзел».

- Орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн жалпы мектептик жана мектепке чейинки билим берүүгө төп келген жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу.

Улан Мамбетакунов, Бишкек педагогикалык институтунун директору: «Педагогикалык билим берүү заманбап талаптарга жооп берип, өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткаргыдай кылышыбыз керек. Бул деген мектептеги билим берүүнүн натыйжаларын эске алуу менен бардык этапта педагогикалык кадрларды даярдоонун жогорку сапатын камсыз кылуу дегенди билдирет.  Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуунун алкагында заманбап педагогдун өзөгүн түзгөн улуттук баалуулуктар жана социалдык-инсандык компетенциялар (жоопкерчилик, абийирдүүлүк, коммуникация) иштелип чыгат. Ошону менен катар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде универсалдык компетенциялар (тилдик жана санариптик), кесиптик компетенциялар (окутуу методикасын билүү, психологиялык аспектилер жана билим берүүдөгү инновациялар) түзүлөт.  

- Мугалимдердин тартыштыгын жоюу:

Миргүл Эсенгулова, КУУнун педагогика кафедрасынын башчысы: «Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №383 токтомунун негизинде иш ордунда окуу системасы жөнүндө жобо бекиген. Бул студенттерге теория менен практиканы ийгиликтүү айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет: эки күн университетте теория, үч күн мектепте практика. Дуалдык окутуунун мындай түрү студенттерге насаатчынын жардамы аркасында мектептеги реалдуу иш чөйрөсүнө ыңгайлашууга, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Алар мугалимдик кесиптин баркын билип, билим берүү тармагында педагог катары ордун таап кетишет». 

- Инклюзивдик билим берүү:

«Инклюзивдик билим берүү – бул билим берүүдөгү өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен гана иштөө эмес. Бул ошондой эле мигранттардын, социалдык алсыз катмардагылардын балдарын, таланттуу балдарды, ошондой эле окууда кыйынчылык тарткандарды колдоого алуу.  Биз окуп жаткандардын бардык категорияларынын керектөөсүн эске алган эксперименталдык билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгуудабыз.»

- Мугалимдерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу:

Айгүл Абдраева, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинин ректору: «Кыргызстанда мугалимдерди даярдоо траекториясы орто кесиптик билимден баштап, бакалавриат, магистратура жана PhD программалары аркылуу жүргүзүлөт. Бул квалификацияны бардык  деңгээлде ырааттуу кармоого жана жогорулатууга өбөлгө түзөт.»

Жаңылоо процессинде болочок мугалимдерди даярдаган жождор менен коллеждер, квалификация жогорулаткан институттар өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбасына негизделип, улуттук маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрдү (этнопедагогика) эске алып жаңыланган стандарттар менен иштейт.  Педагогикалык окуу жайлары «үчөө бир жерде» моделине өтөт, алар жаңы адистерди эле даярдабай, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу иштерин аткарышат.

Ошондуктан, педагогдорду даярдоодогу модернизация Кыргызстанда билим берүүнү трансформациялоонун жана сапатын камсыз кылуунун маанилүү багыты болуп саналат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар