Көрүлдү: 587
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын 6-7-мартындагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын Билим берүү жана кадрларды даярдоо министри Нгуен Ким Шон Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Документте студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы каралган.
Келишимди ишке ашыруу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдейт, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатат жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.