Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ "ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК, ТАЗА МУУН – КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК" АТТУУ ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТТҮ

Көрүлдү: 1922

2025-жылдын 5-мартында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарындагы окуу жайлардын 1200 окуучусун чогулткан масштабдуу жаштар форуму болуп өттү.

post.title

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин биргелешкен аракеттери менен уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарда зомбулуктун, экстремизмдин, баңгиликтин алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу. 

Форум жаштардын мотивациясын жогорулатууга, коомдун коопсуздугу жана бакубаттуулугу маселелери боюнча активдүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Форумда спикер-депутаттар, белгилүү спортчулар жана актёрлор өздөрүнүн турмуштук тажрыйбалары жана мотивациялык окуялары тууралуу айтып беришти.

Форумдун катышуучуларына Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери тарабынан даярдалган спектакль тартууланды. Спектакль жаштар арасындагы укук бузууларга жана аларды алдын алуунун жолдоруна арналды.

Форум коопсуздуктун, жаштар демилгесин өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү жарандык коомду калыптандыруу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Уюштуруучулар мындай иш-чаралар өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга даяр жаңы муунду тарбиялоого олуттуу салым кошот деген ишенимин билдиришти.
Форум Кыргызстандын башка облустарында жана райондорунда улантылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар