Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЭТАП МЕНЕН КИРГИЗҮҮ УЛАНТЫЛАТ

Көрүлдү: 2166

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, айкындалган тобокелдиктерди азайтуу менен 12 жылдык мектептик билим берүүнү этап менен киргизүүнү улантат. Билим берүүнү трансформациялоо 6 жаш курактан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.

post.title

Билим берүүнү трансформациялоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат.

12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул мектеп окуучуларына багытты тандоого аң-сезимдүү түрдө барууга жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берет.

Билим берүүнү трансформациялоонун маанилүү аспекттеринин бири – мектепке кабыл алууда балдардын даярдык деңгээлин теңдештирүү. Бул ар бир бала үчүн бирдей стартты жана бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.

Мектептердеги окуучу орундардын жетишсиздиги көйгөйү да көз жаздымда калган жок. Жаңы системаны киргизүү жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууну камтыйт, бул билим берүү уюмдарына келчү жүктү теңдөөгө мүмкүндүк берет.

Министрлик бардык келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди талдоону улантууда. Ар бир жаран өзүнүн суроолоруна жоопторду ала алышы үчүн коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш күчөтүлөт. Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий ресурстарына жайгаштырылат.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар