Көрүлдү: 1910
2025-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү жана ЮНИСЕФтин өнөктөш компаниясы, "Илимдеги кыздар" программасын каржылаган Clè de Peau Beautè өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуу "Илимдеги кыздар" программасынын билим берүүнү өнүктүрүүнүн улуттук күн тартибин алга жылдырууга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыздоого кошкон салымын талдоого арналды.
Өз кезегинде министр ЮНИСЕФке өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстанда кыздарга STEM-билим берүүнүн өзгөчө актуалдуулугу бар. Илимий-техникалык прогресс, өнөр жай революциясы, климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук жана глобалдык чыр-чатактар сыяктуу заманбап чакырыктар илимди, технологияны, инженерияны жана математиканы терең изилдөөнү талап кылат. Бүгүнкү күндө кыздарды технологияны башкаруу, инженерия жана медицина сыяктуу тармактарда билим алууга түрткү берүү өтө маанилүү. Кыздарды ушул багыттарда билим алууга шыктандыруу үчүн бул долбоорго менторлорду жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистерди катыштырдык. "Илимдеги кыздар" долбоору мындан ары өнүгүүгө жана колдоого муктаж", - деди Д.Кендирбаева.
ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа балдардын сапаттуу билим алууга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи: "Биз сиздердин Кыргызстандагы ар бир баланын билим алуусуна болгон аракетиңиздерди жогору баалайбыз. Алдыга коюлган амбициялык максаттарга жетүү оңой эмес, бирок биз ырааттуу иш билим берүү системасын заманбап деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз".
Clè de Peau Beautè башкы директорунун бренд боюнча орун басары Наоми Каваниши илимий билим алууга умтулган кыздарды колдоого даяр экендигин билдирди: "Биз кыздардын илим менен алектенип, сапаттуу билим алышын каалайбыз. Кечээ мектепке барып, кыздардын бири-бирине таасир этип, билимин бөлүшүп жатканын көрдүк. Биз кызматташууну улантууга жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен билим берүү демилгелерин колдоого даярбыз".
Белгилей кетсек, "Илимдеги кыздар" долбоору ЮНИСЕФ тарабынан 2020-жылы Кыргызстанда демилгеленип, 15-17 жаштагы кыздардын STEM тармагында мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Программа гендердик теңсиздикти жоюуга жана катышуучулардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет. Азыркы учурда долбоордун алкагында Кыргызстандын беш облусунда, 131 мектептен 60 миң окуучу окуудан өттү.