Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ӨНДҮРҮШТҮК ОКУУ МАСТЕРЛЕРИ ҮЧҮН ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Көрүлдү: 2106

2025-жылдын 25-февралынан 27-февралына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги WorldSkills Кыргызстан коомдук фонду менен биргеликте өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окуу мастерлери үчүн окуу өткөрдү.

post.title


Иш-чара катышуучуларды WorldSkills сынактарында эксперт катары даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана алдыдагы чемпионаттарды жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган.


Окутуунун жүрүшүндө кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окуу мастерлери үч компетенция (Мода технологиясы, Ширетүү жана Ашпозчулук иши) боюнча интенсивдүү программаны, анын ичинде баалоо жана калыстык кылуунун заманбап ыкмаларын, ошондой эле ар кандай компетенциялар боюнча практикалык сабактарды өтүштү. Курсту аяктагандан жана ийгиликтүү тестирлөөдөн кийин катышуучулар квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарга жана WorldSkills Kyrgyzstan чемпионаттарында эксперт катары иштөөгө укук берген сертификаттарга ээ болушту.


Даярдалган эксперттер алдыдагы мелдештерге – 2025-жылдын март жана апрель айларында өтө турган аймактык чемпионатка жана улуттук чемпионатка тартылат. Бул иш-чаралар жаш муундарга өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана заманбап эмгек рыногунун талаптарына даярданууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.


Тренинг Россиянын жана Казакстандын алдыңкы адистеринин, анын ичинде Михаил Игоревич Гайдаевдин (Эксперттик коомчулукту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы), Светлана Вячеславовна Дюкованын (Ширетүү технологиялары боюнча эксперт), Светлана Геннадьевна Першинанын (Мода технологиялары боюнча эксперт) жана Чулапова Лязат Солташевна (Ашпозчулук боюнча эксперт) катышуусунда өткөрүлдү. Алар сынактын катышуучуларын баалоо жана даярдоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


Улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстанды эл аралык аренада көрсөтүүгө, абройлуу мелдештерге катышууга жана дүйнөнүн алдыңкы эксперттери менен байланыш түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

@worldskillskyrgyzstan, #worldskills  #worldskillsasia  #worldskillskyrgyzstan  #worldskillstaipei #competencies

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар