Көрүлдү: 2588
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билим берүү уюмдарында профилактикалык иштерди күчөтүү жана контролго алуу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери офлайн форматта, ал эми министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн башчылары онлайн форматта катышты.
“Балдар – мамлекеттин келечеги. Алардын жашоосу жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды түзүү – ар бир адамдын милдети. Тилекке каршы, соңку мезгилде өлкөбүздө ар кандай кырсыктардын саны өсүп, айрыкча өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар катталууда. Ушундан улам министрликтин ар бир кызматкери балдардын коопсуз билим алуусуна шарттарды түзүүдө жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө жоопкерчиликтүү мамиле жасашы зарыл. Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар, билим берүү уюмдары жана ата-энелер менен кызматташтыкта, бирге иш алып барууну күчөтүшүбүз керек”, – деди Н. Джусупбекова.
Кеңешмеде министрдин орун басары министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин төмөнкү тапшырмаларды аткарууга милдеттендирди:
- жогорку окуу жайлардын психологдорун кызматташууга тартып, директорлордун тарбия иши боюнча орун басарлары, социалдык педагогдор жана класс жетекчилер үчүн билим алуучулардын мектеп рэкетчилиги, буллинг, кибербуллинг, бейбаштык, өз жанын кыюу жана зомбулуктун башка түрлөрүн алдын алууга багытталган окутууларды (тренинг, лекция, илимий конференциялар) уюштуруу;
- ар бир мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жашы жетелектер менен иштешкен инспекторлор, социалдык педагогдор жана башка тарбия иштери боюнча иш алып барган кызматкерлер үчүн атайын “Профилактика” кабинеттерин милдеттүү түрдө ачуу жана натыйжалуу иш алып баруусуна көзөмөл жүргүзүү;
- профилактикалык иштерди жүргүзүүдө жалпы билим берүү уюмдары кандай окуу материалдарына муктаж экендигин аныктоо жана муктаждыктарды канааттандырууга көмөк көрсөтүү;
- жалпы билим берүү уюмдарынын ишмердигине жеринен байкоо жүргүзүү;
- “Ата-энелер” мектеби программасын туруктуу ишке ашыруу жана ата-эне менен баланын ортосундагы алаканы күчөтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;
- “Коопсуз мектеп” программасын жандантуу.
Кеңешменин жүрүшүндө Н. Джусупбекова облустук билим берүү институттарынын жана облустук усулдук-билим берүү борборлорунун жетекчилерине кайрылып, Кыргыз билим берүү академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети ж.б. менен биргеликте жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, социалдык педагогдор, класс жетекчилер үчүн мектеп рэкетчилиги, буллинг, кибербуллинг, бейбаштык, суицид ж.б. зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга багытталган усулдук колдонмолорду, презентацияларды, буклеттерди иштеп чыгып, министрликке жиберүүнү тапшырды.
Ошондой эле, министрдин орун басары министрликтин борбордук аппаратынын уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторун профилактикалык иштерди күчөтүүгө жана протоколдук тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөп, тапшырмаларды талаптагыдай аткарбаган аймактык бөлүмдөрдүн тизмесин жетекчиликке киргизүүгө милдеттендирди.