Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТ – АР БИР ОКУУЧУГА КООПСУЗ ЖАНА ЫҢГАЙЛУУ БИЛИМ АЛУУ ШАРТТАРЫН ТҮЗҮП БЕРҮҮ”

Көрүлдү: 2553

"Биздин негизги максат – ар бир окуучуга коопсуз жана ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүп берүү. Ошондуктан бул багыттагы иштерди мындан ары да күчөтүүбүз зарыл", - деди билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 27-февралда, Бишкекте өтүп жаткан улуттук билим берүү системасын жаңыртууга багытталган «Алтын Казык» программасын талдоо жыйынынын экинчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө.

post.title

Иш-чаранын экинчи күнүндө катышуучулар билим берүү системасын трансформациялоонун келечектеги багыттарын жана стратегиялык пландарын талкуулашты. Негизги басым «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасын илгерилетүү, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана өнөктөштүк аркылуу туруктуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылууга жасалууда.

 “Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө эң натыйжалуу, эң туруктуу, эң кирешелүү түгөнгүс казына бул - билим берүү экендиги далилденди. Канчалык балдарга эрте жаштан инвестиция салсаң, көп эсе кайтып келери далилделген. “Алтын Казык” программасы ар бир балага шарт түзүп берүү үчүн иштелип чыгып, ишке ашырылууда”, - деди министр.

Жыйынга билим берүү системасын жаңыртууга кызыкдар тараптар, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү, университеттер, колледждер, мугалимдер ассоциациялары, ата-энелер комитеттери, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом уюмдары, эксперттер жана изилдөөчүлөр катышууда.

Министр Д. Кендирбаева “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында 2025-2026-окуу жылына карата иш-аракеттер пландарын айтып, катышуучулардан кошумчалар жана толуктоолор болсо министрлик кабыл аларын айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар