Көрүлдү: 2833
Бүгүнкү иштин жыйынтыгын 10-15 жылдан кийин көрөбүз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-февралда, Бишкекте өткөн улуттук билим берүү системасын жаңыртууга багытталган «Алтын Казык» программасын талдоо жыйынында билдирди.
“Биздин алдыбызда чоң сыноо турат. Билим берүү тармагын өзгөртүүгө чечкиндүү кадамдар ташталды. Ар бир балага жеткиликтүү, сапаттуу билим, татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Ал үчүн аң-сезимибизди өзгөртүшүбүз зарыл. Учурда биз өтө оор сынга кабылып жатабыз. Бул – кадыресе көрүнүш, анткени кайсы гана жаңы иш башталбасын үч топко кабылабыз. Сөзсүз түрдө каршылаштар, өзгөрүүнү каалабаган болот. Тилектештер, умтулууга дем бергендер болот. Анан кайдыгер байкоочулар болот. Биз ар бири менен күрөшүшүбүз керек. Туура, кемчиликтерибиз бар, аны моюнга алабыз. Азыр жасалып жаткан улуттук билим берүүнүн жаңы моделине өтүү ишинин натыйжасына эртең же бүрсүгүнү жете албайбыз, иштин жыйынтыгын 10-15 жылдан кийин гана көрөбүз. Балага өзүңдүн көз карашыңды таңуулаган заман бүттү, эми биз атаандаштыкка жөндөмдүү, жөнөкөй көндүмдөргө ээ балдарды даярдашыбыз керек. Азыркы учурда жасалып жаткан бардык иш-аракеттер бүгүнкү балдардын келечеги үчүн. Кыргыз элинин күчү анын биримдигинде болгон, жаңы билим берүү стандарттары жазылып, окуу китептери түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Уңгу жолдун өзөгүндө нукура кыргыз тарбиясы бар, бизге ошол мурас “Алтын Казык” болуп, бала менен билимдин тегерегинде айланышыбыз керек”, – деди министр.
Ал бардык тараптардан натыйжалуу, конструктивдүү сунуштарды күтөрүн кошумчалап, өлкөдөгү билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө биргелешкен жоопкерчиликти колдоого чакырды жана алдыда жасала турган иштерге жигердүү катышууну суранды.
Иш-чарага билим берүү системасын жаңыртууга кызыкдар тараптар, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү, университеттер, колледждер, мугалимдер ассоциациялары, ата-энелер комитеттери, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом уюмдары, эксперттер жана изилдөөчүлөр катышууда.