Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР “АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ БАРДЫ

Көрүлдү: 2722

2025-жылдын 25-февралында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейине барды.

post.title

Министр “Акылман” президенттик лицейинин Көзөмөлчүлөр кеңешинин айрым мүчөлөрү менен бирге лицейди кыдырып, билим берүү процессинин уюштурулушу, педагогикалык жамааттын ишмердиги, окуу жайдагы жаңылыктар жана жетишкендиктер менен жеринен таанышты.

Иш сапарынын соңунда Д. Кендирбаева лицейдин окуучулары даярдаган “Китеп дүйнөсүнө саякат” концерттик программасына күбө болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар