Көрүлдү: 315
Министрликтин тапшырмасына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарында ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, жаңы форматтагы улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер, алдыдагы өзгөрүүлөр жана жаңылануулар тууралуу маалыматтар берилүүдө.
Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 17-февралынан бери республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн тийиштүү кызматкерлери үчүн акысыз онлайн-тренингдерди уюштуруп, аларды өлкөнүн билим берүү тармагын трансформациялоо маселелери боюнча окутуп келе жатат. Өз кезегинде мындай окутуулар жер-жерлерде улантылууда.