Көрүлдү: 409
Бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун негизги маселелерин жана билим берүү демилгелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.
Жолугушуунун алкагында билим берүү программаларын колдоону кеңейтүү жана сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жолдору талкууланды.
Д. Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлиги заманбап методикаларды жана демилгелерди киргизүү менен билим берүү системасын жакшыртуу боюнча жигердүү иш алып барып жатканын маалымдады.
“Билим берүүнүн сапатын жакшыртууга дайыма колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем, анткени бул – эң актуалдуу маселелердин бири. Министрлик билим берүүнү трансформациялоону баштады, окутуунун мазмуну жана ыкмалары толук жаңыланат. Биз балдарыбыздын сынчыл ой жүгүртүүсүнө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жардам берүүсүнө умтулабыз", – деди ал.
Мухаммад Тарик Хан билим берүү боюнча өнөктөштөр министрдин лидерлигин жана анын реформага болгон көз карашын терең баалай турганын билдирип: “Реформа жасоо оңой эмес, бардык өнөктөштөр сиздин оюңузга кошулушат жана “Алтын Казык” программасын ишке ашырууга даяр”, – деди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде билим берүү долбоорлорун каржылоо маселелери, каралды. Бул жумада өнөктөштөрдүн дагы бир нече жолугушуулары пландаштырылууда, анда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар талкууланат.