Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНЕ БАРДЫ

Көрүлдү: 2989

Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусундагы жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чүй жатак мектебине барды.

post.title

Министр жатак мектептин окуу бөлмөлөрү, санитардык түйүндөрү, спорт залы, жатакана, китепкана, ашкана, медпункт, устакана, стадион, кир жуучу жайлардын абалы, өрт коопсуздугу жана балдардын ортосундагы тарбиялык иштердин жүрүшү менен таанышты.

Мектептин директору Назгүл Мусаева маалымдагандай, мектепте тарбиялануучулар үчүн музыкалык, кол өнөрчүлүк, спорт, шахмат ийримдери жана комузчулар тобу бар.

Ошондой эле тарбиялануучуларды сергек жашоого үндөгөн окуу жана ден соолукту чыңдоо комплекси, тарбиялануучуларды чач тарач, косметология жаатында окутуу үчүн имарат курулган. Министр бул окуулар балдарга интернатты аяктагандан кийин ийгиликтүү социалдашуу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

“Жатак мектептин аймагында тарбиялануучулар үчүн курулуп жаткан 18 батирлүү үй бүтүрүүчүлөрдү социалдык коргоого алууда эң чоң мааниге ээ. Аларга коомдогу жүрүм-турум көндүмдөрүн берүү, оптималдуу жашоо жолун аныктоо, психосоциалдык жана физикалык ден соолукту калыбына келтирүү үчүн жол ачып берет”, – деди Д. Кендирбаева.

Жатак мектептин көйгөйлөрүнүн бири спорт залды толугу менен жаңыртуу, устаканага жана окуу имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү болуп саналат.

Келечекте жатак мектепте аймагында күнөскана куруу, жетим балдарга турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн устаканаларды уюштуруу жагы да каралган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар