Көрүлдү: 3438
2025-жылдын 20-февралында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» аттуу ири долбоордун башталышына арналган конференция өттү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Анын максаты жогорку окуу жайларынын илимий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана эмгек рыногу менен байланышты бекемдөө болуп саналат.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул ачып берди. Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул долбоор жогорку билим берүүнү модернизациялоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Конференцияга Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору катышып, Алдыңкы тажрыйба борборлорун, башкача айтканда, изилдөө ХАБдарын түзүү демилгесин сунушташты. Бул борборлор илимий изилдөөлөр менен инновацияларды өнүктүрүү аянтчалары болуп, экономиканын негизги тармактарынын өсүшүнө жана университеттер, өнөр жай ишканалары менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө салым кошот.
Иш-чарага илимий-изилдөө институттарынын, бизнес тармагынын, өндүрүштүк ишканалардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Бул билим берүү тармагынын экономика менен тыгыз байланышын камсыздоо үчүн маанилүү кадам экенин көрсөттү.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында академиялык программаларды жаңыртуу, аккредитация системасын өркүндөтүү жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу каралган.
Бул демилге Кыргызстанды эл аралык билим берүү мейкиндигинде бекемдөө менен катар эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.