Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АБАЗБЕК УУЛУ РАСУЛ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН-КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 3727

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Абазбек уулу Расулдун төрагалыгы астында кесиптик лицейлердин жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде кыска мөөнөттүү окутууларды уюштуруу, дуалдык окутуу системасын киргизүү маселелери талкууланды.

post.title

Кеңешмеде өлкө боюнча 4 459 студент дуалдык окутууга тартылгандыгы маалымдалды. Абазбек уулу Расул кыска мөөнөттүү курстарда окугандардын санын көбөйтүүнүн жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, окуу жайлардын жетекчилерине жаңы келишимдерди түзүү жана программаны кеңейтүү үчүн жумуш берүүчүлөр менен ишти жандантууну тапшырды.   

Кеңешменин жүрүшүндө окуу жайларда коопсуздукту күчөтүү чаралары да талкууланды. Берилген маалымат боюнча, Бишкектеги бардык кесиптик лицейлерде көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы орнотулган, ал эми Чүй облусунда мындай система эки кесиптик лицейде бар. Ушундан улам министрдин орун басары көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы орнотула элек кесиптик лицейлердин директорлоруна бул ишти колго алууну тапшырды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар