Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Көрүлдү: 3634

2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.

post.title

Иш-чарага министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, STLI долбоорунун жетекчиси А. Ходдинотт (Австралия), ЮНИСЕФтин, ошондой эле логопеддерди, дефектологдорду даярдаган жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун негизги темасы инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө иштеген кадрларды, атап айтканда, сурдопедагог, дефектолог жана логопеддерди даярдоонун актуалдуу маселелери болду.


Иш-чаранын катышуучулары кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, инклюзивдик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, өзгөчө билимге муктаж болгон балдарды окутуу үчүн методикалык колдоону камсыз кылуу жана шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгилешти.

Инклюзивдик билим берүү маселеси Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылга планына киргизилип, билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу планын талкуулоо жана инклюзивдик билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу демилгеси колго алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар