Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН ОРУН БАСАРЛАРЫ ҮЧҮН ОНЛАЙН ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 3377

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 17-февралынан тартып республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн онлайн тренингдерди өткөрүүдө.

post.title

Тренингдер 12 жылдык билим берүү моделине өтүү механизмдерин түшүндүрүү максатында уюштурулууда.

Тренингдер төмөнкү графикке ылайык 2025-жылдын 17-февралынан 25-февралына чейин ZOOM платформасы аркылуу өткөрүлөт.  17-февралда Чүй облусуна караштуу бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн өткөрүлсө, бүгүн, 18-февралда Баткен облусунун мектеп жетекчилери жана орун басарлары катышты. 

Тренингдерден кийин ар бир мектепте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, жаңы форматтагы улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат берилет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар