Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЭДИЛЬ БАЙСАЛОВ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУК БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 798

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов соңку мезгилде кыргызстандык өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун күч алышына байланыштуу чукул кеңешме өткөрдү.

post.title

Ага тиешелүү министрликтердин жетекчилери, облустардагы Президенттин өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө өспүрүмдөр арасында рэкетчилик, ур-токмокко алуу, коркутуп-үркүтүү, мушташ сыяктуу коомго жат көрүнүштөр күч алганы, бул коомчулукту катуу тынчсыздандырып жатканы айтылды. Кеңешменин катышуучулары өспүрүмдөр арасында ар кандай формадагы кылмыштуулуктун күч алышынын себептери тууралуу өз ойлорун ортого салышты, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгууну сунушташты.  

Э. Байсалов кылмыш кылган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү жаштайынан психологиялык сокку алган болушу мүмкүн экенин белгилеп: «Балдарды коргоого алуу – баарыбыздын милдетибиз. Ошондуктан бул багыттагы иштерди күчөтүшүбүз керек», – деди. 

Кеңешменин соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында жер-жерлерде кеңешмелерди өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар