Көрүлдү: 775
2025-жылдын 7-9-февралында Румынияда IX Info (1) Cup эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 17 күчтүү өлкөсүнөн (Армения, Азербайджан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израил, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Англия, Өзбекстан) 2009-жылы же андан кийин төрөлгөн 184 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасынын курамына 8 окуучу кирди. Жыйынтыгында эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан катышкан 7 окуучу байгелүү орундарды ээлеп (1 алтын медаль, 3 күмүш медаль, 3 коло медаль утуп), 1 катышуучу сертификатты жеңип алды.
Алтын медалды Ош шаарындагы Сапат лицейинин, 9-классынын окуучуcу Абдуллахан Абдирасулов тагынды. Аны бул олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган.
Күмүш медалдарды Нарын шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Адилхан Кадыров, Токмок шаарындагы Сапат лицейинин 10-классынын окуучусу Нурислам Карыпжанов, Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык лектеп-лицейинин 9-классынын окуучусу Сабыр Алымбековдор жеңип алышты. Адилхан менен Нурисламды олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Сабырды олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган.
Коло медалга “Сейтек-Стем” мектебинин 9-классынын окуучусу Рамазан Мананов, Ош шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучуcу Али Арапов, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 9-классынын окуучуcу Саид Жаникеевдер татыктуу болушту. Рамазан менен Алини олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Саидди олимпиада агайы Бексултан Алмазбеков даярдаган.
Андан тышкары Кылычбек Урайымов даярдаган Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Азирети-Билал Жаныбаев сертификатка ээ болду.