Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДАГЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН КОМПЛЕКСТҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ

Көрүлдү: 3287

Бүгүн, 15-февралда, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук усулдук борборлордун директорлору менен кеңешме өткөрдү. Анда өлкөнүн билим берүү тармагынын бүгүнкүсү менен эртеңкисине байланышкан орчундуу маселелердин тегерегинде кеңири сөз болду.

post.title

Министр Д. Кендирбаева соңку мезгилде коомчулукту тынчсыздандырып, ар кандай форматтагы талаш-талкууларга жем таштаган мектептеги рэкетчилик, буллинг темасына кайрылып, бул багытта жасалуучу иштерге кеңири токтолду.

Ал министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларына жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тиешелүү министрликтердин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте билим берүү уюмдарында окуучулардын саламаттыгын жана өмүрүн сактоо, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында комплекстүү иш-чаралар планын тез арада иштеп чыгууну тапшырды.

Кеңешменин жүрүшүндө мектептердеги рэкетчиликтин тамырын кыркуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында министрлик тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу да маалымат берилди. Кеңешмеде маалымдалгандай, жакын арада билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун алдын алуу максатында санариптик платформа иштелип чыгат, ал окуучуга ыдык көрсөтүлгөн учурда, ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулган учурда купуялуулукту сактоо менен мектептин администрациясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга чукул кабар жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле Республикалык педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту жана өлкөнүн жогорку окуу жайлары тарабынан онлайн модуль иштелип чыгып, бардык мектептерде окутуулар жүргүзүлөт. Аны менен катар жер-жерлерде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тиешелүү министрликтердин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук жолугушуулар уюштурулат. Андан тышкары тарбиялоо процессинде ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргызстандын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүлүп, тиешелүү долбоорлор иштелип чыгат.

Ошондой эле, кеңешмеде министрликтин маалыматтык саясат бөлүмүнө жана “Кут Билим” медиа борборуна уюштуруу жана тарбиялоо иштери боюнча сектор менен биргеликте билим берүү уюмдарындагы зордук-зомбулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн маалыматтык өнөктүктү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар