Көрүлдү: 3215
Бүгүн, 14-февралда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын отуруму болду.
Отурумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери, министрликке караштуу ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүмдөрдүн башчылары, ошондой эле кесиптик окуу жайлардын жетекчилери катышты.
Коллегияда 2025-2026-жылдарга билим берүү тармагынын негизги милдеттери жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар жасалып, Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору жана Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору тааныштырылды.
Отурумдун соңунда министрликтин Коллегиясынын мүчөлөрү тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.