Көрүлдү: 544
Бүгүн, 14-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Эки министрликтин жетекчилиги жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоого, айрыкча, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө иштин негизги багыттары аныкталды, атап айтканда:
- Жашы өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде ЖӨИнин кабинеттерин түзүү. Алдын алуу иштерин күчөтүү жана келип чыккан чыр-чатактарга ыкчам чара көрүү үчүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын кеңейтүү мерчемделүүдө. Бул окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "Тобокел тобундагы" балдарды аныктап, мугалимдер менен өз ара аракеттене турган кызматкерди ар бир мектепке бекитүүгө мүмкүндүк берет.
Бул демилгенин алкагында ар бир мектепте жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча кабинети ачылат, бул мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Бул конфликттик кырдаалдарга жооп кайтаруу процессин тездетип, окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингтин, зомбулуктун жана жашы жете электердин укукка каршы ишке тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет.
- Видеобайкоо системасын кеңейтүү. Коопсуздукту камсыз кылуудагы маанилүү кадам, мектептердеги видеобайкоо тутумун модернизациялоо болуп калат. Учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 214 видеокамера орнотулган, анын 144 КР ИИМ кырдаалдык борбору менен байланышылган. Ошондой эле айрым мектептерде кырдаалды билдирүү үчүн "Коопсуз баскычтары" орнотулган, келечекте алардын жалпы орнотулушу да талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө видеобайкоо тармагын кеңейтүү мүмкүн болгон укук бузууларды каттоого гана мүмкүндүк бербестен, конфликттик кырдаалдардын санын азайтууга өбөлгө түзүүчү алдын алуунун таасирдүү куралы болуп калаары баса белгиленди.
- Биргелешкен узак жана кыска мөөнөттүү пландарды түзүү. Ички иштер министрлиги менен билим берүү министрлиги маалымат алмашууну, биргелешкен түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүүнү жана мугалимдер менен ишти күчөтүүнү камтыган өз ара аракеттенүүнүн комплекстүү пландарын иштеп чыгууну макулдашышты. Бул чаралар ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана мектеп окуучуларын кылмыштуу кол салуулардан коргоого багытталган.
Жолугушуунун соңунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик органдардын ишинин артыкчылыктуу багыты бойдон калаары белгиленди.
Буга байланыштуу тараптар окуучуларды коргоо деңгээлин жогорулатуу жана жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү үчүн кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.