Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
70 МЕКТЕПКЕ STEM ЖАБДУУЛАРЫ БЕРИЛДИ

Көрүлдү: 689

Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди. Иш-чара бүгүн, 13-февралда, Бишкектеги профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде болуп өттү.

post.title

STEM материалдары математика, биология, химия, физика предметтери боюнча изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүү үчүн микроскоп, колба, штатив ж.б. куралдардын жыйындысын камтыйт жана окуучулардын билим билгичтиктерин, дүйнө таанымын өнүктүрүүгө жана мектептин дизайн командалары иштеп чыккан инновациялык чечимдерди ишке ашырууга мыкты жардам берет. Бул демилге 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт жана заманбап талаптарга ылайык окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга зор салымын кошот.

“Мектептер 2030” программасы – Афганистан, Бразилия, Кения, Кыргызстан, Пакистан, Португалия, Тажикстан, Танзания жана Уганда мамлекеттеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жыйынтыктарды изилдөөгө багытталган 1000 мамлекеттик мектепке чейинки, башталгыч жана жалпы билим берүү мекемелери менен иш алып барган 10 жылдык программа.

Программа балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын, баалуулуктарын калыптандырууда жана алардын коомдун өнүгүшүнө андан ары толук кандуу катышуусу үчүн мыкты тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоо жана жайылтуу үчүн техникалык тажрыйбасы менен финансылык ресурсун бириктирген тогуз филантроптук өнөктөштүн консорциуму тарабынан колдоого алынган.

“Мектептер 2030” программасы Кыргызстандын Чүй, Баткен, Нарын, Ош облустарында жана Бишкек шаарында иштейт. Программа Кыргызстандын 70 мектебин жана 30 бала бакчасын камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар