Көрүлдү: 804
Бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнɵлүк бийиктик” уңгужолу жɵнүндɵ” 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгын жүзɵгɵ ашырууга арналган “Уңгужол: учур жана келечек” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Уңгужолдун негизги максаты мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салып, нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу, кубаттуу мамлекет куруу болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана академиктер катышты.
Конференцияда Догдуркүл Кендирбаева кандай гана өнүккөн өлкө болбосун өзүнүн улуттук мамлекеттик баалуулуктарын алдыга коёрун белгилеп, буларды кошумчалады: “Билим берүү программаларынын стандарттары дал ошол улуттук мамлекеттик баалуулуктардын тегерегинде айланат. Эч кандай копромистик шылтоону кабыл албайт. Биз муундардын баарлашуусун камсыз кылып жатканда бешик ырын, чоң атанын жомогун укпаган бала кийинки муунга кандай баалуулукту бере алат? Албетте, эч нерсе бере албайт. Эгерде биз жаш муундарды даярдоодо улуттук, үй-бүлөлүк, тарыхый мурастарга таянбасак, шамал учуруп кеткен камгактай өз ордубузду жоготобуз. Биз – кылымдарды багынткан элбиз. Биз ушуларды эске алуу менен Кыргызстандагы билим берүү системасын толук трансформациялоодо “Алтын Казык” программасын алып чыктык. “Алтын Казык” – көчмөндөрдүн жол көрсөткөн эч кандай компасы жок, астрономиялык инструменти жок туруп табигат менен шайкеш жашаганындай, адашпай жол көрсөткөнүндөй, балага да билимге жол көрсөткөн жалгыз жылбаган жылдыз”.