Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЛИРА САМЫКБАЕВА ИЛИМДЕГИ АЙЫМДАР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 592

Бүгүн, 11-февралда, билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Айымдардын жана кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо уюштурулган иш-чарага катышты.

post.title

 

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Рахат Керимбаева ачты. Ал кыздар дагы илимде ийгилик жарата аларын баса белгилеп, дүйнөдөгү белгилүү окумуштуу, химия илими боюнча профессор Асель Сартбаеваны мисал келтирди.

Билим берүү тармагында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеген Лира Самыкбаева: “Эгерде үй-бүлөдө энеси билимдүү болсо, анда балдар дагы илим, билимге жакын болуп, жашоодо ийгиликтүү болору илимде дагы тастыкталган”, – деп билдирип, кыздарды илим, билимге кызыгууга чакырды.

“Илимдеги айымдар” аттуу иш-чарада онлайн байланышка чыгып, кыздарга дем берүүчү сөз сүйлөгөн профессор Асель Сартбаева илимде чек ара жоктугун белгилеп, ар бир кыргызстандыкты изденүүгө чакырды. 

Эске сала кетсек, “Илимдеги айымдар” долбоору 2020-жылдан бери ЮНИСЕФ уюму тарабынан дүйнө жүзүндө уюштурулуп келе жатат. Андагы негизги максат кыздардын илим, технология, инженерия, математика (STEM) тармагында укуктарын кеңейтүү болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар