Көрүлдү: 3692
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 17-февралынан тартып республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн тийиштүү кызматкерлерин мектептерди 12 жылдык окутуу форматына өткөрүү боюнча окута баштайт.
Тренингдер республиканын бардык (мамлекеттик жана жеке менчик) жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери үчүн акысыз уюштурулат.
Сабактар ушул аптада КР БИМдин расмий сайтында (https://edu.gov.kg/) жарыялана турган белгиленген жүгүртмө боюнча өткөрүлөт. Тренингдерден кийин ар бир мектепте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, жаңы форматтагы улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат берилет.