Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 421

2025-жылдын 11- февралында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө суу ресурстары, климаттын өзгөрүшү жана экология тармагындагы илимий изилдөөлөргө өзгөчө басым жасоо менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле экология, агрокультура жана айыл чарба жаатындагы билим берүү программаларын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, жолугушууда жогорку окуу жайларындагы дипломдорду жана илимий даражаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.

Тараптар Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачуу, эки өлкөнүн билим берүү системаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, ректорлордун форумун уюштуруу, билим берүү процесстерин санариптештирүү, ошондой эле студенттер үчүн виза алууда жана жашаган жери боюнча каттоодо көмөктөшүү жөнүндө сөз кылышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы байланыштарды андан ары өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү улантуу ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар